Кыргызстанга айыл чарба техникасы аткезчилик жол менен ташылып келгени аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, бажычылар Баткенде А.у.А. аттуу Кыргыз жаранынын башкаруусундагы УТО-Х954 үлгүсүндөгү тракторду бажы кароосунан өткөргөн. Анда трактордун жүк бөлүгүнөн өлкө аймагына ташып келүүнүн мыйзамдуулугун тастыктаган товар коштоочу документтери жок, 1985-жылы чыгарылган "Киргизия" үлгүсүндөгү чөптү түктөй турган техника аныкталган.
Техника чектеш мамлекеттен алынып келген, жалпы салмагы 1420 килограмм, орточо базар баасы 340 миң сомду түзгөн.
Факт каттоого алынып, материалдар бажы органынын бажылык териштирүү секторунда каралып жатат.