Кадамжайда милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан кишини куткарды

Кадамжайда милиция кызматкери сууга чөгүп жаткан кишини куткарып калды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 6-июлда Баткен ОИИБнин кызматкери улук сержант Расулжан Арстанов Жийделик көлүндө сууга чөккөн адамды куткарды. Ал эми куткарылган жаран Ош облусунун Алай районунун 41 жаштагы тургуну Исраил Алибаев экендиги белгилүү болду.

Маалымат үчүн: милициянын улук сержанты Расулжан Астанов ички иштер органдарында төрт жылдан бери кызмат өтөп, 7 жолу ар кандай кылмыштын бетин ачууга катышкан. Былтыркы жылы да ушул көлмөдө кызмат өтөп жүрүп бир жаранды сууга чөккөн жеринен куткарып калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан