17-июлдан тарта Ысык-Көлгө күн сайын поезд каттайт

17-июлдан тарта Ысык-Көлгө поезд күн сайын каттайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы эскертет.

Маалыматка ылайык, курам 7 вагондон туруп, 185 жүргүнчүгө эсептелген.

Бишкектен Балыкчыга поезд менен 4 саатта жетсе болот. Жол кире чоңдор үчүн 150 сом, балдарга 73 сом болсо, 5 жашка чейинки балдарга акысыз.

Ал эми ыңгайлуу шарттар менен жетем дегендер үчүн 500 сомдук жаңы үлгүдөгү вагондор жеткиликтүү.

Учурда поезд Балыкчыга жума, ишемби жана жекшемби күндөрү каттап жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан