Караколдо жоголуп, бир күндөн кийин сөөгү табылган кыздар бир тууган болушкан

Караколдо жоголуп, бир күндөн кийин сөөгү табылган 2 жана 5 жаштагы кыздар бир туугандар болушкан. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 7-июлда маалымат таратып, дайынсыз болуп жаткан кыздардын сөөгү таңкы саат 8:50дө Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылындагы МК-10 сугат каналынан табылганын билдирген.

Аталган окуя боюнча Ысык-Көл ОИИБи да маалымат берди. Анда айтылгандай, кечээ, 6-июлда Каракол ШИИБине 34 жаштагы жергиликтүү тургун байланышып, 5 жана 2 жаштагы кыздары үйүнөн болжол менен саат 15:00 чамасында ойноп чыгып кетишип, ошол бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

"Издөө иштеринин жүрүшүндө шаардын аймагындагы видео байкоочу камералар изилденип, жоголгон кыздар "Каракол" суусун көздөй багыт алышканы аныкталган. Ушундан улам аталган суунун жээгинде издөө иштери уланып, 7-июль күнү эртең менен кыздардын жансыз денелери Бөрү-Баш айылындагы "Каракол" суусунан табылган", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан