"Бир күнгө жетпеген убакытта 30 миллион катталуучу". Цукерберг Threads социалдык тармагын ишке киргизди

Америкалык Meta компаниясы Threads аттуу жаңы социалдык түйүндү ишке киргизди. Аны колдонуучулар 5-июлдан баштап колдонуп башташты. Бир сутка ичинде эле жаңы социалдык түйүнгө катталгандардын саны 30 миллиондон ашкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Белгилүү болгондой Threads түйүнүндө 500 символдон ашпаган билдирүүлөрдү жазып, беш мүнөткө чейинки видеолорду чыгарууга болот. Мындан сырткары, ар бир адам өз профилине башка адамдардын постторун жайгаштырып, жооп берип, лайк басып, бөлүшсө да болот.

Threads түйүнүнө кирүү үчүн Instagram аккаунт талап кылынат. Ошол эле маалда жаңы соцтүйүндө Threads тиркемесин колдонуп жаткан инстаграм-профилдердин катталуучулары сакталып калат.

Учурда бул тиркемени Play Market менен App Store платформаларынан дүйнөнүн жүздөгөн өлкөлөрүндө жүктөп алууга болот.

Threads жаңы социалдык тармагына жазылгандардын саны ишке киргенден бери бир күнгө жетпеген убакытта 30 миллионго жетти.

Бейшемби күнү, 6-июлда Meta компаниясынын башкы директору Марк Цукерберг өзүнүн Threads аккаунтунда мындай деп жазган:

“Бүгүнкү таңга карата эле 30 миллион катталуучу. Бул өзгөчө бир нерсенин башталышы окшойт, бирок биздин алдыбызда колдонмону жакшыртуу үчүн көп иштер турат".

Ал Twitter’дин негизги атаандашы болору айтылууда. Анткени, Threads Twitter социалдык түйүнүнүн жетекчилиги бир катар талаштуу кадамдарга барып жаткан чакта пайдаланууга берилди.

Ал арада жаңы түйүндүн ишке кириши менен Twitter компаниясынын ээси Илон Маск Марк Цукербергдин команиясын сотко берерин айтып чыкты. Meta компаниясын Twitter аларга тиешелүү болгон интеллектуалдык менчикти өзүнүн жаңы тиркемесинде колдонгон деп айыптап жатат. Муну Илон Маск дени сак атаандаштык эмес, Марк Цукербергдин алдоосу деп атады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан