"Шариятка туура келбейт". Ооганстанда сулуулук салондорунун жабылуу себептери айтылды

Ооганстанда бардык сулуулук салондоруна тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, сулуулук салондору Ооганстандагы үй-бүлөлөргө “ашыкча жүк” болууда. Анда Ыймандуулукту жайылтуу министрлигинин басма сөз катчысы Акиф Мохажер каш терүү, чач өстүрүү шариятка каршы келерин айтты.

Ооганстандын борбор калаасы менен провинцияларында сулуулук салондоруна тыюу салуу министрлик тарабынан эки күн мурда жарыялаган. Кийинчерээк БУУнун Ооганстандагы миссиясы өлкөдөгү башкаруучу Талибан кыймылын * (террордук ишмердүүлүк үчүн БУУнун санкциясы астында) бул тыюуну алып салууга чакырган, бирок оң чечим болгон эмес.

Эске салсак, 4-июлда Талибан кыймылы көзөмөлдөгөн Ооган өкмөтү бир айдын ичинде өлкөдөгү бардык чач тарачтар менен сулуулук салондорун жабуу боюнча буйрук чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Uri24
2023-07-07 13:01:00
Динчил Талибандар Ооганстандагы аялдардын азабын ого бетер күчөтү. Шариятты өздөрүнө ыйгайлуу чечмелеп алышып кыздардын укуктарын одоно түрдө бузуп, алардын билим алуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле коомдо эркин жүрүү мүмкүнчүлүгүн басынткан динчил акмактар. Динбаш талибтер өздөрү наркоман, менен жашап, эки жуздуу, паракор, куу, аферист болушат. Бул боюнча унчугушпайт
0
Uri24
2023-07-07 13:03:00
Динге берилип куру убадаларга ишенип кереги жок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан