Орусияда аскерге баруудан баш тарткандарга айдоочулук күбөлүк берилбейт

Орусияда аскердик кызмат өтөөдөн качкан жарандар айдоочулук сынагына катыша алышпайт. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, аскерге баруудан баш тарткан орусиялык жарандар айдоочулук күбөлүгүн жаңылай алышпайт жана кандайдыр бир каттоо же экзамендик иш-аракеттерди жасай алышпайт.

"Биз аскер комиссариатына келбей койгондорду мамлекеттик автоинспекция аркылуу жалпы федералдык маалымат системасынан көрүп жатабыз. Мындай жарандарга мамлекеттик кызмат көрсөтүлбөйт", — деп түшүндүргөн Жол кайгуул кызматынын башчысы Черников.

Маалым болгондой, аталган норма 11-июлдан баштап, тагыраагы Ички иштер министрлигинин буйругу күчүнө киргенден кийин колдонула баштайт. Анда орусиялык жарандар аскерге чакыруу барагын алгандан кийин 20 күндүн ичинде аскер комиссариатына барышы керек. Эгер белгиленген күндөн кечиксе, анда жарандарга автоунаа айдого жана аны каттоого тыюу салынат.

Ал эми коюлган чектөөлөрдү алып салуу үчүн жарандар аскер комиссариатына келүү талабын аткарууга милдеттүү эместигин далилдеген арыз менен тиешелүү органдарга кайрылышы керек.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан