Бишкекте турак үйдөн чыккан өрт чектөөгө алынды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, Биринчи Май районуна караштуу Калык Акиев көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылган. Өрт саат 12:20да чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Кошумча маалымат берилет.