Нарындын тургуну “Йакын Инкар” экстремисттик уюмунун мүчөсү болуудан баш тартты

Нарындын тургуну өз калоосу менен экстремисттик уюмдан баш тартты. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Ички иштер министрлигинен билдиришти.

“Нелегал” аталыштагы рейддик иш-чараны Нарын ОИИБинин жана Ат-Башы РИИБинин кызматкерлери жүргүздү. Анда “Йакын Инкар” агымынын идеологиясын колдоп жүргөн Ат-Башы районунун Т.А. аттуу тургуну өз ыктыяры менен уюмду колдоодон баш тартты.

"Экстремисттик уюмдар, алардын мүчөлөрү, кылмыштуу аракеттери (аракетсиздиктери), интернет булактарындагы шектүү материалдардын жайылышы жөнүндө жана башка экстремисттик көрүнүштөргө күбө жана кабардар жарандарды Нарын ОИИБнын ЭММКАКга, УКМКнын Нарын облусу боюнча башкармалыгына билдирүүнү сурайбыз", - деп билдиришти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан