Украинанын лидери Володимир Зеленський президент Режеп Тайып Эрдогандын чакыруусу менен Түркияга дан келишимин талкуулоо үчүн барат. Бул тууралуу Түркиянын Sabah басылмасы жазып чыкты.
Белгилүү болгондой, Украинадан Кара деңиз аркылуу дан экспорттоо тууралуу келишим быйыл май айында дагы эки айга узартылган.
Ал эми президенттердин жолугушуусу Стамбулда НАТОнун Вильнюстагы саммиттин алдында өтөт.
Эрдоган менен Зеленський акыркы жолу 2022-жылдын августунда Львовдо жолугушкан.