Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды (видео)

Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү опузалап акча талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, ИИМдин каттоосунда Камчы Асанбектин (ред: Көлбаев) кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү катары турган, мурда бир нече жолу соттолгон Н.С.Т. аттуу жаран кармалды.

"Н.С.Т. 2021-жылдын сентябрь айында физикалык кысым көрсөтүү жана ден соолугуна зыян келтирем деп коркутуу жолу менен Кыргыз жаранынан Мерседес S 500 үлгүсүндөгү унаасын жана 17 миң долларын күч колдонуп тартып алган", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кошумчаланды.

Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан