Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү

СССРдин эл артисти Бакен Кыдыкееванын 100 жылдыгын өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Буйрукта белгиленгендей, №375 уюштуруу комитети юбилейлик иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып, бекитиши керек. Чыгымдарга республикалык бюджеттин эсебинен каражаттар бөлүнөрү айтылды.

Мааракени өткөрүү боюнча Министрлер Кабинетинин төрагасынын социалдык блокту тейлеген орун басары уюштуруу комитетинин төрагасы болуп бекиди. Ал эми Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри уюштуруу комитетинин төрагасынын орун басары катары иштерди аткарат. Ошондой эле бир катар министрлик жана мекемелердин жетекчилери мааракени өткөрүүгө көмөктөшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан