Төрөт үйүндө ымыркайдын жерге түшүп кеткендеги окуясынан кийин ак халатчандарга сөгүш берилди 

Бишкектеги №1 төрөт үйүндө ымыркай төрөлүп жатканда жерге түшүп кеткен окуяга байланыштуу бир катар медицина кызматкерлерине сөгүш берилди. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, убагында тиешелүү көзөмөл жүргүзбөгөнү үчүн жалпы жонунан 5 ак халатчан: башкы дарыгердин эки орун басары, ошондой эле ошол түнү иштеген нөөмөттөгү дарыгер менен эки акушер жазаланды.

Ал эми ымыркайдын абалы азыркы күндө жакшырып калганы айтылды.

Эске салсак, социалдык тармактарда төрөт учурунда баласы полго түшүп кеткен келиндин билдирүүсү тараган. Ал төрөтү башталганын дарыгерлерге эскертип, бирок убагында жардам көрсөтүлбөгөнүн билдирген. Ошондой эле, баланын абалы оор экени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан