Өлкө аймагына мыйзамсыз ташылып келген дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, дарыгердин көрсөтмөсү боюнча берилүүчү, өзгөчө көп өлчөмдөгү дары-дармектерди Кыргызстандын аймагына контрабандалык жол менен алып кирип жана Өзбекстандын аймагына алып чыгып жүргөн кыргыз жарандарынын кылмыштуу аракеттери аныкталып, бөгөт коюлду.

"5-июлда Кадамжай районунун Марказ айылында Р.С.Г. аттуу кыргыз жараны тарабынан 9 600 даана “Зардекс” (Индияда жасалган) дарылары ыктыярдуу түрдө берилди, анын баасы Өзбекстандагы көмүскө базарында 288 миң долларды түзөт.

Андан аркы тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө 6-июлда бул каналдын уюштуруучусу Г.И.Н.дин жашаган дарегинде - Оштун Кара-Суу району караштуу Шарк айылында издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында 591 даана “Тропикамид” (көзгө тамчылатчу) дарылары алынды. Келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион 867 миң сомдун тегерегин түздү", - деп айтылат маалыматта.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чараларынын жыйынтыгында Г.И.Н. Кара-Суу РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

"Жогоруда табылып алынган дары-дармектер Өзбекстандын аймагына жөнөтүү үчүн эч кандай уруксат кагаздары жок Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алынып келген, ал жакта жаштар бул дары-дармектерди жеңил баңгизат катары колдонушат", - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатканы кошумчаланды.