Баткенде нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, беш баш мал-жандыгын агызып кетти. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, кечээ саат 15:00 чамасында Лейлек районунун Катраң айыл өкмөтүнүн аймагында жаан жаап, Баул айылындагы сел келүүчү сай аркылуу сел суулары түшкөн.
"Ички чарбалык жол катары пайдаланылган сел аранын (сайдын ичи) айрым жерлери бузулган. 2 турак үйдүн короосуна сел суулары кирген. Айыл өкмөт башчысынын маалыматына караганда, 1 бодо мал жана 4 кой-эчкини сел суулары агызып кеткен. Учурда сел суулары токтогон жана жол каттамы үзгүлтүккө учураган жок", - деп айтылат билдирүүдө.
Жеринде ӨКМ тарабынан тактоо иштери жүргүзүлүп, калыбына келтирүү иштерине 13-жол тейлөө ишканасынан 2 бирдик техника тартылганы кошумчаланды.