Ысык-Ата районунда ата-бала айылдашынан опузалап акча талап кылууга шектелип кармалышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-июлда Ички иштер министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, 1986-жылы туулган М.А. аттуу жаран Ысык-Ата РИИБине арыз менен кайрылып, физикалык күч колдонуу менен 2 миң доллар өлчөмүндөгү акча талап кылган белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү өтүнгөн.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин (Опузалап талап кылуу) негизинде кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында опузалап талап кылган сумманы алуу учурунда шектүү катары 2002-жылы туулган Л.Ш., 2004-жылы туулган А.И. жана 1976-жылы туулган Л.Ш. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Бишкектин Свердлов райондук Тергөө судьясынын токтомунун негизинде, кармалган жарандар 1976-жылы туулган Л.Ш. менен 2002-жылы туулган Л.Ш. камакка алынса, 2004-жылы туулган А.И. үй камагына чыгарылган.
Учурда тергөө иштери уланып жатканы кошумчаланды.