
Өлкөдө быйыл жыл башынан бери кызамык оорусуна чалдыккандардын саны 1001ге жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, алардын 81 пайызы кызамыкка каршы эмдөөдөн өтпөгөндүгү аныкталды.
"Алардын 29 пайызынын жаш курагы (6 жана 8 ай) жетишсиз болгондуктан эмдөөдөн өтүшкөн эмес, 33 пайызы эмдөөдөн баш тартышкан, 8 пайызы медициналык себептерден, 1,3 пайызы миграциялык факторлордун таасиринен улам эмдөөдөн өтүшкөн эмес жана 10 пайызы белгисиз себептерден улам эмдөөдөн өтпөгөндөр", - деп айтылат билдирүүдө.
Министрлик кызамыкты дарылоонун атайын жолу жоктугун, бирок аны эмдөө менен гана алдын алууга мүмкүн экенин эскертет.
"Эмдөө - балдардын жана коомдун ден соолугун инфекциялардан коргоодо маанилүү кадам. Андыктан бардык кыргызстандыктарды өлкөдө кызамык оорусунун жайылышын алдын алууда жардам берүүгө чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле профилактикалык календарь боюнча кызамыкка каршы эмдөө балдарга 1 жашында (12 ай), ал эми кайталап эмдөө 6 жашында жүргүзүлөрү кошумчаланды.