Эмилбек Абдыкадыров Бишкектин негизги көйгөйлөрүн атап, тапшырмаларды берди

Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кечээ, 8-июлда райондордун акимдери, шаардык кызматтардын жана муниципалитеттин борбордук аппаратынын өкүлдөрү менен кезексиз жыйын өткөрдү. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө мэр шаардын негизги маселелерин чечүү боюнча бир катар маселелерди көтөрүп, орун басарларына жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине протоколдук тапшырмаларды берди.

Алар:

Бишкектин башкы планын түзүү боюнча сунуштарды берүү;
Борбор калааны кышка даярдоо;
Жер участокторун мыйзамдаштыруу;
Шаарды сапаттуу көмүр менен камсыз кылуу;
Конуштарды, социалдык объектилерди газдаштыруу;
Жолдорду жана тротуарларды куруу;
Борбордук жана негизги эмес көчөлөрдү автотыгындан бошотуу;
Автобазаны газ менен жүргөн жаңы автобустардын келишине даярдоо;
Таштандыны кайра иштетүүчү завод куруу;
Таштандыларды өз убагында чыгаруу.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан