Ырчы Бактыгүл Бадыеванын атасы каза болду

8-июлда ырчы, жеке ишкер Бактыгүл Бадыева атасы каза болуп, оор жоготууга учурады.

"Аска зоомду жоготтум. Атам мени түбөлүккө таштап кетти. Ар бир адам үчүн ата-эне - бул бүт аалам. Ата-энем мен кичинекей кезде ажырашып кетишкен. Атам жок чоңойдум, бирок мен 30 жашымда атамды таап, катташып, ичимдеги таарынычтарымды чексиз аппак сүйүүгө айланта алдым. Атамдын ички дүйнөсү ушунчалык бай, таза эле. Атамдын кызы болгонума сыймыктанам. Ата, кош бол", - деп жазды Бадыева.

SUPER.KG порталынын эмгек жамааты Бактыгүл Бадыевага жана анын жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан