Кечээ, 9-июлда Ош шаарында коомдук тамактануучу жайда газ баллон жарылып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, унаа тетиктерин саткан "Алай" базарынын аймагында жайгашкан ашкананын жанында газ баллон жарылып, 1987-жылы туулган Ш.Н. аттуу эркек киши каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине 4 куткаруучу жана штаб тартылып, тактоо иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Ал эми аталган жарандын жансыз денеси ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.