Бүгүн, 10-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырып, арыктарды жана дренаж каналдарды тазалоо керектигин эске салат.