Кечээ, 9-июлда Өзбекстанда президенттик шайлоо аяктады. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү басылмалары жазып чыкты.
Маалым болгондой, шайлоо Ташкент убактысы боюнча саат 20:00дө токтотулган. Өлкө боюнча 10 784 шайлоо участогу ачылып, болжол менен 13,5 миллиондон ашык жаран шайлоого катышкан.
Анда талапкер катары Элдик-демократиялык партиядан мурдагы билим берүү министри Улугбек Иноятов, Либерал-демократиялык партиясынан учурдагы президент Шавкат Мирзийоев, "Адолат" социал-демократиялык партиясынан Робахон Махмудова жана Экологиялык партиянын атынан Абдушукур Хамзаев катышты.
Белгилей кетсек, Өзбекстандын мыйзамына ылайык, шайлоочулардын 33 пайызы катышканда шайлоо өттү деп эсептелет. Ошондой эле добуш берүүнүн акыркы жыйынтыктары 10 күндөн кечиктирбестен (19-июлда) жарыяланышы керек. Бүгүн шайлоонун болжолдуу жыйынтыгы айтылары күтүлүүдө.
Эске салсак, 30-апрелдеги референдумда Өзбекстандын Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган. Жаңы баш мыйзамда президенттик мөөнөт беш жылдан жети жылга чейин узартылып, мамлекет башчынын ыйгарым укуктары кеңейтилген. Буга байланыштуу 2016-жылдан бери бийликте турган азыркы президент Мирзийоевдин буга чейинки мөөнөтү жокко чыгарылып, ал 2037-жылга чейин эки жолу мамлекет башчы болуп шайлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон.