Чүйдө эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 6 килограмм ашык мефедрон менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК жана милиция кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районунун аймагында эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү 2001-жылы туулган С.Иге таандык Субару Форестер үлгүсүндөгү унаага тинтүү иштери жүргүзүлдү. Анда унаанын арткы отургучунун астындагы жашыруун жайдан болжол менен салмагы 6 килограмм 111 граммды түзгөн 24 даана таңгактагы ак түстөгү кристаллдык зат табылды. Экспертизанын жыйынтыгында табылган заттар мефедрон психотроптук зат экени аныкталды.
Буга байланыштуу ИИМдин Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон.
"С.И. эл аралык баңги синдикатынын активдүү мүчөсү экени аныкталып, аны менен биргеликте башка белгисиз адамдардын мыйзамсыз тапкан кирешеси 33 миллион сомдон ашык сумманы түзүшү мүмкүн. Ал узак убакыт бою баңгизаттардын өзгөчө ири партияларын Борбор Азиядагы ташуу жана жөнөтүү менен алектенгени такталды", - деп билдиришти мекемеден.
Белгилей кетсек, Күч түзүмдөрүнүн макулдашылган иш-аракеттеринин аркасында өлкө аймагында мефедрон психотроптук затынын 42 миңден ашык дозасын жайылтууга бөгөт коюлду.
Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча атайын иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.