Куралга этиятсыз мамиле жасаган... Баткенде нөөмөттө турган аскер кызматкери каза болду

Баткен облусунда суткалык нөөмөттө турган аскер кызматкери каза болду. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтин маалыматына караганда, кырсык куралга этиятсыз мамиле жасоонун натыйжасында келип чыккан. Каза болгон аскер кызматкери Баткен районундагы 35524 аскер бөлүгүндө контракттык негизде кызмат өтөп жатканы айтылды.

Учурда окуя боюнча кызматтык иликтөө дайындалып, кырсыктын башка себептери такталып жатканы кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан