Бишкекте велосипедчен адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды 

Бишкекте велосипед тээп бара жаткан адамды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда SUPER.KG порталына милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7-июль күнү саат 17:12 чамасында калаадагы Чыңгыз Айтматов көчөсүндө жол боюнда велосипед менен бара жаткан 17 жаштагы А.А. аттуу жаранды белгисиз айдоочу унаа менен сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

"Кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-аракеттерин жүргүзүп, анын натыйжасында окуяга шектүү 44 жаштагы Р.С. аттуу Бишкек шаарынын тургуну Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаасы менен аныкталып, унаасы айып короо жайына токтотулду", - деп айтылат маалыматта.

Жогорудагы фактылар боюнча бардык керектүү экспертизалар дайындалып, айдоочу тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Бишкекте велосипедчен адамды сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Uri24
2023-07-10 12:28:00
Это покушение на убийство. Жанындагы тарткан кыз сөгүнүп койду го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан