Кечээ, 9-июлда Сочинин Хостинский районунда нөшөрлөгөн жаандан улам жергиликтүү аймакты сел каптады. Бул тууралуу Орусиянын басылмалары жазып чыгышты.
Маалым болгондой, Кипарисова көчөсүндөгү төрт кабаттуу үйдүн биринчи кабатын, Шоссейная көчөсүндөгү үйдүн жер төлөсүн суу каптаган. Элди эвакуациялоо талап кылынбайт, суу сордурулуп, тазаланууда. Ручей Видный көчөсүндө онго жакын унааны сел агызып кеткен.
Учурда Хоста айылында Сочинин башчысы Алексей Копайгородскийдин жетекчилиги астында шаардык оперативдүү штаб иштөөдө.
"Үйлөрдүн жер төлөсүнөн суу тазаланып жатат. Тургундарды эвакуациялоо жана көчүрүү талап кылынган эмес. №67 үйдүн жанындагы Ручей Видный көчөсүн бойлой менчик унаалар зыянга учураган. Учурда сел токтоду», - деп айтылат маалыматта.