Кыргызстандын аймагында 1-7-июлга чейин 21 миң 36 жол эрежесин бузуу фактысы катталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен 245 айдоочу тиешелүү документи жок рулга отуруп, 191 айдоочунун спирт ичимдигин колдонгондугу аныкталды.
Мындан тышкары:
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1 миң 539 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.