Бишкектин Ала-Тоо конушунда жаңы спорт аянтчасы ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Спорт аянтчасынын ачылышына Бишкек шаардык кеңешинин депутаттары, Капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчисинин орун басары, Ленин районунун акиминин орун басары жана жергиликтүү тургундар катышышты.
Чакырылган коноктор балдарды жана шаар тургундарын заманбап, көп функционалдуу аянтчанын ачылышы менен куттуктап, жаңы аянтчадагы жабдуулардын абалы тургундардын кылдат жана камкор мамилесинен көз каранды экенин белгилешти.