"Тазалык" муниципалдык ишканасы борбор калаадагы таштанды аянтчаларын оңдоп-түзөө иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шаар боюнча 200дөй таштанды аянтчасы, анын ичинде 1015 контейнер оңдоп-түзөөдөн өттү. Контейнерлердин дөңгөлөктөрүн жаңылоо, контейнерлерди түздөө, таштанды аянтчалардын айланасын атайын каражаттар менен жууп-тазалоо, аянтчага чатыр салуу жана оңдоо сыяктуу иштер бүткөрүлүүдө.
Мекеме Бишкектин ар бир районунда экиден жумушчу топ иш алып барып жатканын белгиледи.