"Өрт кырсыгы кондиционерди туура эмес колдонуудан келип чыгууда". ӨКМ кайрылуу жасады

Турак үйлөрдө келип чыккан өрт кырсыктарынын көпчүлүгүнө кондиционерди туура эмес колдонуу себеп болууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги маалымдап, жарандарга кайрылды.

ӨКМ акыркы убактарда эле 10го жакын өрт кырсыгы кондиционерди ачык калтыруудан келип чыкканын билдирген. Мекеме кырсыктын алдын алуу үчүн жарандарга, кондиционерлерди туура колдонууга байланышкан бир катар эрежелерди сунуштайт.

- Механизмдин ичинде өрт чыгышына жол бербөө үчүн абанын жакшы айлануусу маанилүү. Желдетүүчү түтүктөрдү тосууга болбойт. Кондиционердин өзү эч качан чүпүрөк же башка күйүүчү материалдар менен жабылбашы керек. Суу жана чаңдын агрегаттын ичине кирбеши үчүн эрежелерди так сактоого чакырабыз.

- Тышкы блок ысык абаны бөлүп чыгарат. Ошондуктан анын жанына күйүүчү материалдарды коюуга жана үстүнө ар кандай нерселерди жаап кургатууга тыюу салынат.

- Кондиционерди орнотууда бөлмөдөгү зымдар аппараттын кубаттуулугуна дал келиши абдан маанилүү. Аппараттын зымы буралып, кысылып же өтө катуу абалда болбошу керек. Ал түздөн-түз розеткага туташтырылышы кажет. Зымдын абалын көзөмөлдөө абдан маанилүү жана убагында маани берилбесе терс таасирин тийгизиши толук ыктымал.

- Кондиционердеги атайын фильтрди жок дегенде бир айда бир жолу тазалап туруу зарыл.

- Шайманды розеткадан сууруп алуудан мурун башкаруу пультун колдонуу менен анын иштешин токтотуу керек.
- Көпчүлүк кондиционерлерди узак убакытка толук кубаттуулукта калтырууга болбойт. Ар бир 1,5-2 саат сайын тыныгуу талапка ылайык. Ошондой эле түнү бою күйгүзүү сунушталбайт жана аны эч качан иштетилген абалда калтырбоо зарыл!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан