Каратэ-до боюнча курама команда Малайзиянын Мелака шаарында өтө турган Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, мелдеш 18-23-июль күндөрү өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- Милана Сагынбаева (ката) СЧ;
- Умида Айсаева 50 килограмм СЧ;
- Кымбат Тойтонова 61 килограмм СЧ;
- Рафаэль Акбаров 60 килограмм СЧ;
- Калыс Нурланбек уулу 67 килограмм СЧ;
- Назим Нурланов 75 килограмм СЧ.
Курама команда башкы машыктыруучу Мырзабек Алиев жана улук машыктыруучу Бакыт Дүйшеевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.