Колу жоолук менен байланган... Чоң Чүй каналында 20 жаштагы жигиттин сөөгү табылды (сүрөт) 

Чоң Чүй каналында 6 күндөн бери изделип жаткан 20 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Чүй ОИИББинен билдирди.

Маалыматка ылайык, 6 күндөн бери милиция кызматкерлери жана куткаруучулар тарабынан изделип жаткан 2003-жылы туулган К.М. аттуу жаран бүгүн Чоң Чүй каналынан табылды.

Белгилей кетсек, 4-июлда Токмок ШИИБине 1988-жылы туулган М.К. аттуу жаран ошол күнгө караган түнү Токмок шаарындагы №3 кичи районундагы батиринен белгисиз тарапка чыгып кеткен 2003-жылы туулган К.М. аттуу инисин табууга жардам көрсөтүүнү суранган.

Ага ылайык, алдын ала териштирүү учурунда чогултулган материалдар боюнча Токмок ШИИБнин Тергөө кызматы тарабынан КЖКнин 165-беренесинде көрсөтүлгөн (адам уурдоо) кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

Анда милиция кызматкерлеринин жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын натыйжасында аталган кылмыш ишине шектүү катары 1988-жылы туулган М.К., 1983-жылы туулган Т.М. жана 1996-жылы туулган Б.К. аттуу жарандар аныкталып, КЖПКнын 96-беренесине ылайык кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алдын ала тергөө амалдарын жүргүзүү учурунда, шектүүлөр жабырлануучу К.М. аттуу жаранды ортодо чыккан уруштан улам үйүнөн алып чыгып, уруп сабап унаа менен Чоң чүй каналына алып барып, колун жоолук менен байлап сууга ыргытып салышканы белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан