Ысык-Көлдө тургундардын пляждарга эркин кирип-чыгуусуна тоскоолдук жаратып, акча талап кылгандардын жоругу уланууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев социалдык баракчасына жазды.
"Калайык! Президентибиз пляждарды элге ачып жатса. Тоңдо элдин пляжын минтип жаап, акча талап кылып жатышат. Кеклик пляжы. Куураган эле эл болдук го! Тоңдун эли жалгыз ушул жерге түшөт. Элдики бул", - деп жазды эл өкүлү.
Белгилей кетсек, буга чейин президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл облусундагы калктуу конуштардын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө” Жарлыкка кол койгон. Ага ылайык пляждардын коргон-тосмолорун алуу иштери кызуу жүрүп, көптөгөн аймактар тосмолордон тазаланган. Өлкө башчысы айрым жерлердеги тосмолорду алуу иштери кечиктирилип жатканы үчүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө сөгүш берген.