Германияда террордук уюм түзүүгө шектүү катары кармалган Кыргыз жараны боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады.
Анда айыпталуучу Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жараны менен террордук уюм түзүүгө жана "Ислам мамлекети" террордук уюмун колдоого айыпталып кармалганы айтылды.
"2023-жылдын 6-июлунда Германиянын маалымат каражаттарында Түндүк Рейн-Вестфалия жеринде Федералдык Криминалдык полиция башкармалыгы тарабынан 7 чет элдик, анын ичинде Түркмөнстандын 1 жараны, 5 Тажикстандын жана 1 Кыргызстандын К.А аттуу жараны кармалганы тууралуу макала жарыяланган. Айыпталуучулар Германияда террордук уюмду түзүүгө шектелип, ошондой эле тыюу салынган чет элдик "Ислам мамлекети" террордук уюмун колдогон деп айыпталууда", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле билдирүүдө жогоруда аталган жарандарга карата соттун чечими күтүлүп жатканы айтылды.
Эске салсак, буга чейин Германияда Кыргыз жаранынын террордук уюм түзүүгө шектелип кармалганы боюнча маалымат жарыяланган.