Кыргызстандык бийчилер эл аралык мелдеште алтын медаль тагынышты

Кыргызстандык бийчилер бий спорту боюнча Вьетнамда өткөн эл аралык мелдеште жеңишке жетип, алтын медаль тагынышты. Бул тууралуу бүгүн, 10-июлда Кыргызстандын Бий спорту боюнча федерациясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, "WDSF Open taken place in Hanoi - Vietnam-2023" аталышындагы эл аралык турнир 7-8-9-июль Вьетнамдын Ханой шаарында болуп өткөн. Ага Вьетнам, Корея, Филиппин, Казакстан, Кыргызстан, Гонконг, Макао жана башка бир катар Азия өлкөлөрүнөн спортчулар катышкан.
Мелдеште кыргызстандык бийчи жуптар Владимир Вырлеев менен Мария Прощлецова "Жаштар" жана "Латина" категориясы боюнча 19 жуптун ичинен мыкты деп табылып, алтын медалга ээ болушкан.
Турнир Бүткүл дүйнөлүк Бий спорту федерациясы (WDSF) тарабынан өткөрүлгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан