Кенияда үйлөнгөн эркек бир ай бою аялдын кийимин кийиши керек... Дүйнөнүн өзгөчө ырым-жырымдары

Ар бир элдин башкалардан айырмаланып турган каада-салты, майрамдары бар. Айрымдары оргиналдуулугу жана кайталангыс болгону менен айырмаланса, кээ бир ырым-жырымдардын өзгөчөлүгүнө таң калып бүтпөйсүң. Төмөндө дүйнөдөгү өзгөчө ырым-жырымдар тууралуу баяндайбыз.

Испания

Испаниянын Буньоль шаарында жыл сайын август айынын аягында La Tomatina деп аталган өзгөчө фестиваль өтөт. Бир жумага созулган фестиваль ар кандай музыкалар, бийлер жана оюндар менен коштолот. Эң башкысы, аталган иш-чарада тургундар бири-бирин помидор менен урушат. Буньоль шаарында 9 миң гана калк жашагандыктан, “помидор” фестивалына катышуу үчүн коңшу аймактардан 45 миңге жакын адам келет.

Фестиваль башталган күнү эртең менен калаанын борборуна атайын унаалар менен 100 тоннадан ашык помидор жеткирилет. 75 жылдан бери белгиленип келе жаткан фестивалдын эрежеси боюнча алгач помидорду жумшартып алуу керек жана бири-биринин көйнөгүн айрып салууга, катуу буюмдарды ыргытууга жана помидор алып келген унаага чыгууга болбойт.

Италия

Италияда да Испаниядагы фестивалга окшош иш-чара өтөт. Болгону Италияда помидордун ордуна апельсиндерди колдонушат. Жыл сайын жаз айында Ивреа шаарында өткөн фестивалга жергиликтүү тургундардан сырткары атайын келген туристтер да катышат. 90 жылдан бери белгиленип келе жаткан карнавалда апельсин менен урушуунун өзүнчө мааниси бар. Аталган цитрус жемиши жаздын келишин билдирет. Фестивалдын эрежеси боюнча катышуучулар командага бөлүнүп, атайын формаларды кийишет жана бири-бирине апельсин ыргытышат.

Ал эми фестивалдын тарыхы боюнча ар кандай уламыштар айтылып келет. Алсак, өткөн кылымда италиялык кыздар карнавалдык параддын вагондоруна балкондон гүлдөр менен кошо апельсиндерди ыргытышкан. Алар мындай кадамга эркектердин көңүлүн буруу үчүн барышкан. Убакыттын өтүшү менен бул аракет фестивалга айланган.

Норвегия

Норвегияда бирөөгө эл алдында таптакыр комплимент жасоого болбойт. Жадакалса, окуучуларды башка окуучулардын алдында мактоого тыюу салынат. Мектепте дагы окуучулардын баасы классташынын жанында айтылбайт, себеби өзүнүн ийгилигин жарыялоо тарбиясыздык, ал эми комплимент айтуу кошоматчылык катары бааланат. Баса, аталган өлкөдө кары адамдарга коомдук транспортто орун берүү жакшы иш катары каралбайт. Себеби орундук бошотуп берүү өзүнүн физикалык өзгөчөлүгүн көрсөткүсү келип жатат деп кабыл алынат.

Кения

Кенияда үйлөнгөндөн кийин күйөөсү бир ай бою аялдардын кийимин кийип жүрүшү керек. Бул жубайынын же апасынын кийими болушу мүмкүн. Мындай ырымдын өзүнчө мааниси бар. Кениялыктар аял болгон кандай экенин түшүнүү үчүн эркек анын кийимин кийип жүрүшү керек деп эсептешет. Алар бул сыноодон өткөндөн кийин күйөөсү аялына жардам берип, ар кандай көйгөйлөрдү чечүүдө кеңеш бере алат деп ойлошот.

Греция

Грецияда адамдардын туулган күнүн унутууга болбойт. Бул аны сыйлабастык жана “сени менен достошкум келбейт” дегенди билдирет. Ошондуктан гректер эртең менен эле бүгүн кандай күн экенин карап, туулган күн ээлерин куттукташат. Ал эми туулган күн ээлери досторуна, кошуналарына жана кесиптештерине “таттуу” мамиледе бололу деп ар кандай шириндиктерди таратышат.

Нигерия

Нигерияда үй-бүлө курууну каалаган эки жаш алгач эки тараптын туугандарынын сыноосунан өтүшү керек. Мисалы, турмушка чыгар алдында кызды болочок күйөөсүнүн үйүнө жөнөтүшөт. Баланын ата-энеси жактырып, бардык жагынан аларга ылайыктуу болгондон кийин гана тойго уруксат берилет. Бирок болочок күйөө баланын сыноосу кыздыкындай жеңил эмес. Аны кыздын туугандары бетме-бет турушуп, узун таяктар менен урушат. Алардын ортосунан бала ийгиликтүү өтсө гана кызга үйлөнө алат. Нигериялыктардын ою боюнча, мындай сыноодон өткөн күйөө жигит бардык кыйынчылыктарга даяр болот.

Аталган өлкөдө үйлөнүү үчүн бирок мындай сыноолор жетишсиз. Турмушка чыгууну каалаган кыз семиз болушу керек. Себеби толук кыз кубаныч тартуулайт жана сулуу болот деп эсептешет. Ошондуктан кыздар турмуш куруудан мурун атайын жогорку калориядагы тамактарды жеп, семиргенге аракет кылышат.

Кытай

Кытайда тамак ичип жатканда чайнаган үндөрдү чыгарып туруу керек. Бул нерсе тамактын канчалык даамдуу экенин билдирет. Эгер андай кылбаса, анда үй ээсин же тамак жасаган адамды сыйлабастык катары бааланат. Ошондой эле кытай эли чай ичүү маданиятына өзгөчө көңүл бурушат. Алсак, үйгө келген мейманга чайды аз өлчөмдө куюу кажет. Эгер сизге чайды чыныга толтуруп куюп берсе, анда үйүңүзгө кетишиңиз керек экенинен кабар берет.

Франция

Жыл сайын Францияда 25-ноябрда Ыйык Катерина күнү белгиленет. Француздар Катеринаны турмушка чыга элек кыздардын коргоочу деп эсептешет. Орто кылымда 25 жашка чыккан жана турмуш курбаган француз айымдары сары жана жашыл түстөгү баш кийим кийишип, Ыйык Катеринанын эстелигине гүл, боо жана башка тартууларды коюшкан. Андан соң, ушул эле күнү айымдар кечкесин элге бий өнөрлөрүн көрсөтүшүп, калктын арасынан түгөй издешкен. Учурда француз айымдары бул майрамды жыл сайын жаш өзгөчөлүгүнө карабастан майрамдашат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан