Тургун Таластын Боо-Терек айылында электр акысына ашыкча акча кошулуп жаткандыгын айтты

Бүгүн, 10-июлда Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Боо-Терек айылынын тургуну ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө электр акысы туура эмес эсептелинип, үстүнө акча кошулуп жаткандыгына нааразы болуп кайрылды.

"Мурда ушундай эле көлөмдө пайдаланган электр жарыгы үчүн январь айында 1 миң 500, февралда 900, март-апрелде 450, май айында 358 сом төлөгөнбүз. Ал эми июнга 2 миң 154 сом эсеп чыгарып коюшту. Райондук электр тармактары (РЭС) ишканасына барсак, баары туура эле экендигин айтып, бизди кетирип жиберишти. Жетекчисине жолуга албай койдук.

Ортодон акча жегичтер болуп жатат. 3 ай мурун биздин айылга жаңы электрик келген. Ал көчөлөрдүн атын билбей жатканда эсеп-дүмүрчөк (квитанция) таратууга жардам бергем. Айрымдары өз колуна алышса, кээ бирөөнүкү менде калган. Кызык болду, арасында 27 миң, 17 миң эсеп чыгып келгендер бар экен. Көрсө алардан акча өндүрө алышпай бизге, карапайым тургундарга эсептин үстүнө акча кошуп коюшат экен. Электриктер "бул акылдуу эсептегичтер, карабайбыз" деп ар кандай өлчөмдөгү сумманы жазып жатышат", - деди тургун.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuban-1207
2023-07-10 18:32:00
Акылдуу счётчик элдин канын соруп атпайбы муну карапайым элди алдап башын айландырып атышат жегичтер
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан