Бишкек мэриясы байге фонду 1 миллион сомго жеткен сынак жарыялады

Бишкекте "Эң жакшы короо", "Эң жакшы квартал" жана "Администрациялык район боюнча Бишкек шаардык мэриясынын эң жакшы муниципалдык администрациясы", "Эң жакшы муниципалдык аймактык башкармалык" боюнча сынак жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Эң жакшы короо", "Эң жакшы квартал" жана "Эң жакшы муниципалдык аймактык башкармалык" конкурстары эки этап менен өтөт:

- биринчи этап администрациялык райондор боюнча Бишкек шаардык мэриясынын муниципалдык администрациялары тарабынан өткөрүлөт;

- экинчи этап конкурстун биринчи этабын жеңгендердин ичинен жеңүүчүлөрдү аныктоо үчүн Бишкек шаардык мэриясы тарабынан уюштурулат.

Жеңүүчүлөрдү сыйлоо конкурстун экинчи этабынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

"Администрациялык район боюнча Бишкек шаардык мэриясынын эң жакшы муниципалдык администрациясы" конкурсу бир этаптан турат.

Ал эми "Эң жакшы короо" конкурсу 1991-жылга чейин жана ошол жылдан кийин пайдаланууга берилген үйлөр болуп, 2 категория менен өткөрүлөт.

"Эң жакшы короо" конкурсунун байге фонду 460 миң сомду түзөт жана төмөндөгүдөй бөлүштүрүлөт:
- 1 - орун – 100 миң сом, орундардын саны – 2;
- 2 - орун – 80 миң сом, орундардын саны – 2;
- 3 - орун – 50 миң сом, орундардын саны – 2.
"Эң жакшы квартал" конкурсунун байге фонду 300 миң сомду түзөт.
- 1 - орун – 130 миң сом, орундардын саны – 1;
- 2 - орун – 100 миң сом, орундардын саны – 1;
- 3 - орун – 70 миң сом, орундардын саны – 1.
"Эң жакшы муниципалдык администрация" жана "Эң жакшы муниципалдык аймактык башкармалык» номинациялары боюнча конкурстун байге фонду ар бир номинация боюнча 100 миң сомду түзөт.
Сынакка катышуу үчүн табыштамалар 2023-жылдын 15-августуна чейин кабыл алынат.
Бишкек мэриясы аталган сынактар Бишкек шаарынын тургундарынын демилгелерин колдоо жана шаарды санитардык тазалоо, көрктөндүрүү жана өнүктүрүү, муниципалитеттин аймактык бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин ишмердүүлүгүнө дем берүү максатында өткөрүлүп жатканын белгилейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан