
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айылынын 21 жаштагы тургуну изделүүдө. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, 21 жаштагы Э уулу А. аттуу жигит ушул жылдын 7-июлунда Ак-Сай өрөөнүнө кеткен. Анын аты Ача тилкесинен табылып, өзү дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн.
Бүгүн Ат-Башы районунун акиминин буйругунун негизинде жигит Көк-Күмбөз, Ача тилкелеринен агып өткөн Ат-Башы дарыясынан изделип жатат.
Жоголгон адамды издөөгө Ат-Башы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы жетектеген 3 куткаруучу жана Ат-Башы РИИБнен 8 кызматкер чыгып кетишкен.
Издөө иштеринен кошумча маалымат берилет.