Сайкал Садыбакасова Максат Доврановдун үйлөнгөнү боюнча пикирин айтты

Ырчы Сайкал Садыбакасова мурдагы жолдошу Максат Доврановдун үйлөнгөнү боюнча пикирин билдирди.

Анда ырчы айымга социалдык тармактагы баракчасынын катталуучусу "Максат үйлөнгөндө бир аз да болсун жаман сезим болдубу?" деген суроо узаткан.

"Эң башкысы, Максат аке аябай жакшы адам, эки дүйнө бактылуу болушсун! Чын жүрөгүмдөн жакшы сөздөрүмдү айтып, тойдон эки күн алдын чалып куттуктап койгом. Бири-бирине жарашат экен. Максат аке үчүн чындап сүйүндүм. Ар бир адам бактылуу болууга татыктуу жана мындан кийин да сыйлашып өтөбүз деген ишеничтемин!", - деп билдирген Садыбакасова.

Эске салсак, Сайкал Садыбакасова менен алып баруучу Максат Довранов 2017-жылы баш кошушкан. 2019-жылы шоу-бизнес өкүлдөрү эки ажырым жолго түшүшкөн.

Белгилей кетсек, алып баруучу мырза 26-июнда Алтынай аттуу өзүнүн кесиптеши менен баш кошкон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Azat-123
2023-07-10 21:04:00
Саку, сен күчтүү жана өзгөчө айымсың, сени жакшы көрөбүз
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан