Ат-Башыда аты табылып өзү дайынсыз жоголгон жигиттин сөөгү табылды

Ат-Башы районунда буга чейин дайынсыз жоголгон 21 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, райондук суу чарба башкармалыгы Ак-Моюн айылындагы суу көзөмөлдөөчү каналында адамдын сөөгү жатканын кабарлаган.
Саат 18:09да куткаруучулар 21 жаштагы Э. уулу А. аттуу жигиттин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.
Белгилей кетсек, аталган тургун ушул жылдын 7-июлунда Ак-Сай өрөөнүнө кеткен. Анын аты Ача тилкесинен табылып, өзү дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн. Жоголгон адамды бүгүн издөөгө жалпысынан 12 адам чыгышкан.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан