Казакстандык блогер жана актриса Айжан Байзакова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу үй-бүлөсүнүн жакында толукталары тууралуу сүйүнчүсү менен бөлүштү.
"Жашырууга болбойт, мени шаардан көргөндөрдүн баары куттуктап жатышат. Андыктан менин үй-бүлөм сыяктуу сиздер да кабардар болушуңуздар керек. 18 жума болду", - деди ал.
Ошондой эле ал бүгүн, 10-июлда жолдошу менен чогуу Gender Party уюштурушту. Анда түгөйлөр эркек балалуу болору белгилүү болду.
Айта кетсек, Айжан Байзакованын мурдагы жолдошунан төрт жаштагы Алан аттуу уулу бар.