Бишкектеги Лебединовка айылында дайынсыз жоголгон 72 жаштагы Любовь Найденова каза болду. Бул тууралуу Коомдук коопсуздук кеңешинен билдиришти.
Маркумдун эмне себептен улам каза болгону айтылган жок.
Эске салсак, Любовь Найденова 5-июль күнү таңкы саат 6лар чамасында Лебединовка айылынын Ленин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен. Ошондон бери анын кайда экени белгисиз болуп жаткан.