Жарандар балдарына жөлөк пул чыгарууда ар кандай тоскоолдуктарга учурап жаткандыктарын айтып келишет. Буга байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Балага сүйүнчү" темасындагы коомчулукту кызыктырган суроолорго жооп берди.
- “Балага сүйүнчү” төлөмүн ким ала алат?
- Кыргыз Республикасында төрөлгөн балдар (толук мамлекеттик камсыздоодо болгон балдардан тышкары).
- “Балага сүйүнчү” өлчөмү канча?
- “Балага сүйүнчүнүн” өлчөмү ар бир балага 4000 сомду түзөт;
- Бир мезгилде үч же андан көп бала төрөлгөн учурда, “балага сүйүнчү” ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнөт.
- Арызды кайсы жерге берсе болот?
- Калкты тейлөө борборлоруна (КТБ);
- Жарандык абал актыларын каттоо органдарына.
- Арызды ким берсе болот?
- бала менен жашаган ата-энесинин бири;
- бала менен жашаган камкорчу;
- бала менен жашаган асырап алган адам;
- ишеним каттын негизинде ишенимдүү адам.
“Балага сүйүнчү” Кыргызстанда жашап жаткан адамдарга чектелет:
- Кыргыз Республикасынын жарандарына;
- кайрылман күбөлүгү бар этникалык кыргыздарга;
- балдары бар үй–бүлөлөргө социалдык жөлөк пулду, компенсациялык төлөмдөрдү жана алименттерди берүү чөйрөсүндөгү жарандардын кепилденген укуктары жөнүндө макулдашуунун катышуучу–мамлекеттин чет өлкөлүк жарандарга: Орусия, Молдова, Тажикстан, Армения, Украина, Казакстан, Беларусь, Өзбекстан.
- “Балага сүйүнчүнү” чектөө үчүн өзгөчө шарттар барбы?
- “Балага сүйүнчү” үчүн арыз бала төрөлгөн күндөн баштап алты ай ичинде тапшырылышы керек;
- Ушул мөөнөттөн кеч кайрылган учурда “балага сүйүнчү” чектелбейт.
- Кайсы документтерди тапшыруу керек?
- арыз ээсинин паспорту;
Эгерде арызды камкорчу же ишенимдүү адам тапшырса, анда кошумча документ талап кылынат:
- Камкорчу үчүн – балага камкорчу дайындоо жөнүндө соттун чечиминин көчүрмөсү;
- Ишенимдүү адам үчүн – жарандык мыйзамдарга ылайык таризделген ишеним кат;
Зарыл болгон учурда:
- Кайрылмандын күбөлүгүнүн көчүрмөсү (кайрылмандар үчүн);
- баланын ата-энесинин жашап туруу укугунун көчүрмөсү (чет өлкөлөрдүн жарандар үчүн).
Арыз ээси арызда көрсөтүлгөн маалыматтын тууралыгын текшериши керек, андан кийин өзүнүн колун коюш керек. Акча каражаты арыз берилген күндөн 2 иш күнүнүн ичинде банктык эсепке түшөт.
Жарандар арыз толтурууда уюлдук телефон номерди туура көрсөтүү зарыл, себеби акча каражаты которулгандан кийин байланыш номерлерине смс – билдирүү банк аркылуу жөнөтүлөт.