Түштүк Африкада кар жаады 

Кечээ, 10-июлда Түштүк Африканын Йоханнесбург шаарында кар жаады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалым болгондой, кар Йоханнесбург шаарынан сырткары, Чыгыш Кейп, Мпумалангу жана Гаутенг аймактарында да жааган.

Аталган өлкөнүн метреологиялык кызматы BBC басылмасына билдиргендей, кардын жаашы олуттуу көйгөйлөрдү жараткан эмес.

Ал эми бийлик өкүлдөрү тургундарга жылуу кийинүүнү эскертип, кардын эришине бир жумадай убакыт кетерин билдирген. Ошондой эле фермерлерге мал-жандыктар үчүн ылайыктуу жайларды табуу сунушталган.

Белгилей кетсек, июль айы Түштүк жарым шарында кыш мезгилине туура келет. Бирок аталган аймакта соңку ирет мындан 10 жыл мурун кар жааган болчу.

Түштүк Африкада кар жаады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан