Түндүк Корея аба мейкиндигин бузганы үчүн АКШга катуу эскертүү берди

Түндүк Кореянын президенти Ким Чен Ындын эжеси Ким Ё Чжон учактары менен өлкөнүн аба мейкиндигин бузганы үчүн АКШга катуу эскертүү берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Ким Ё Чжон АКШ дагы бир ирет Кореянын аба мейкиндигин бузуп кире турган болсо, бул Кошмо штаттар үчүн өтө кооптуу болорун эскертти.

"Мен буга чейин биздин армиянын кайтара турган жообу тууралуу бир канча жолу эскерткем. Эгер АКШ мыйзамсыз иш-аракетин улантып, биздин көк мейкиндикке дагы бир жолу учуп кире турган болсо, бул алар үчүн өтө кооптуу учуу болуп калат", - деген ал.

Ал ошондой эле АКШнын Куралдуу күчтөрүнө таандык болгон чалгындоочу учактар 10-июлда бир канча жолу Түндүк Кореянын асманына мыйзамсыз киргенин тастыктаган далилдерди келтирген.

Мындан тышкары, аталган маселе АКШ менен Түндүк Кореянын ортосундагы гана көйгөй экендигин баса белгилеген.

Белгилей кетсек, Ким Ё Чжон Түндүк Кореядадагы Эмгек партиясынын Борбордук комитетинин Пропаганда жана агитация бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары кызматын аркалайт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан