Бишкектеги кыздардын мушташы боюнча милиция маалымат берди

Интернетте тараган топ кыздардын мушташы 16-июнь күнү таңкы саат 5:30дар чамасында Бишкектин Чүй проспектиси менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 11-июлда Биринчи Май РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган факты Биринчи Май РИИБине катталып, 280-берене (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Мындан тышкары соттук-медициналык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында С.К аттуу жарандын денесине келтирилген жаракаттын көлөмү "ден-соолукка жеңил залал келтирилген жана кыска мөөнөттүү бузулушуна алып келген" деп белгиленген.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө мушташтын бардык катышуучулары аныкталган. Алар райондук тергөө бөлүмүнө алынып келинип, суракка алынгандан кийин тергөөгө келип турууга милдеттендирилип кайра коё берилген.

Учурда тергөө иштери уланып жатканы айтылды. Анын жыйынтыгында аталган окуянын катышуучуларына юридикалык баа бериле турганы кошумчаланды.

Эске салсак, буга чейин Бишкектин көчөлөрүнүн биринде топ кыздардын мушташып жаткан видеосу тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан