Кыргызстанда акыркы 11 айда оң рулдуу унаалардын айдоочуларынын айынан 525 автокырсык катталды. Бул тууралуу ИИМдин жол көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Талант Исаев билдирди. Анын айтымында, республика боюнча оң рулдуу унаалардын катышуусу менен 964 жол кырсыгы катталган. Алардын ичинен айдоочулардын күнөөлүү болгондору 525. Жыйынтыгында айдоочулардын айынан болгон кырсыктардан 101 адам каза болсо, 863 адам түрдүү жаракаттарды алышкан. Ошондой эле Талант Исаев жол кырсыктарынын көпчүлүгү Бишкек-Ош жолунда катталганын белгиледи.