Бишкекте кичи автобустардын биринде "айбансыңар" деген жүргүнчүгө каршы сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 11-июлда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалымдалгандай, аталган факты боюнча Бишкек ШИИББинин тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Жыйынтыгында анын иш-аракетине юридикалык баа берилет.
"Бишкек ШИИББинин кызматкерлери тарабынан документалдуу түрдө ал 1977-жылы туулган Н.А. аттуу жаран экени аныкталды. Аталган жаран тергөө кызматына жеткирилип, сурак учурунда окуя болгон кезде мас абалында болгонун түшүндүрдү. Ал коомдук жайдагы жүрүм-туруму үчүн кечирим сурады", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери уланууда.