Жалал-Абад шаарында мыйзамсыз алынган 430 миллион сомдук мүлк мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу бүгүн, 11-июлда УКМКнын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирүүгө байланышкан кылмыш иштерин тергөөнүн жыйынтыгында Жалал-Абад шаарындагы өндүрүш жана соода жайлары, 430 миллион сом өлчөмүндөгү жер тилкелери, имараттар жана курулуштар мамлекеттин менчигине кайтарылды.
"Иш боюнча соттолгондор 2000-жылдары ар кандай коррупциялык схемаларды жана махинацияларды колдонуу менен мурда мамлекеттин балансында турган кыймылсыз мүлктөрдү жеке менчикке мыйзамсыз ээлеп алышкан. Тергөөнүн жүрүшүндө алардын 2010-жылдын май жана июнь айларында Жалал-Абад шаарында административдик имараттарды күч менен басып алууну жана улуттар аралык кагылышууну уюштурууга катыштыгы бар экендиги аныкталды", - деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда мамлекетке өткөн жалпы аянты 2 гектарга жакын жер тилкелерине Жалал-Абад шаарынын мэриясы социалдык объектилерди (бала бакча, мектеп ж.б.), ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер үчүн арзан турак-жай, анын ичинде мамлекеттик ипотекалык насыялоо программасынын алкагында курууну пландап жатканы кошумчаланды.